Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети

 

Интерфейстин тили:

Кырг  Рус  En

 

 

Негизги  Структура  Кафедралар  Студ.жашоо  Абитуриенттерге  Карьера Борбору  Фото галерея

* Негизги бет

* Институттун структурасы

* Кафедралар

* Студенттик жашоо

* Абитуриенттерге

* Карьера борбору

* Фото галерея

 

 

 

 

 

Ссылки:

Сабактардын расписаниеси

Буйруктар

Электрондук китепкана

Дистанттык окутуунун системасы

 

Негизги бет

 

ШАТМАНОВ ОРОЗБЕК  ТОКТОГУЛОВИЧ

Директор,  т.и.д., профессор,

Кыргыз Республикасынын Инженердик Академиясынын жана А.Эйнштейн атындагы Эл аралык Энергетика Академиясынын академиги, Эл аралык Транспорт Академиясынын жана  мүчө-корреспонденти


    ТРАНСЭКОИН  Транспорт жана коммуникациялар факультетинин жана Экология жана энергияны үнөмдөө институтунун базасында КМКТАУнун Окумуштуулар Кенешинин чечими менен 2017-жылдын май айында  кайрадан түзүлгөн.

    ТРАНСЭКОИН көтөрүп-ташуучу, куруучу, жол жана технологиялык машиналар жана жабдуулар жана ошондой эле курулуш өндүрүшү багытындагы ар кандай менчик формаларындагы автотранспорт комплекстери үчүн терең теоретикалык жана практикалык  жөндөмдөрү бар жогорку квалификациядагы инженердик кадрларды даярдайт.

    Азыркы учурда институтта 113 окутуучу иштейт, анын ичинде 6 профессор, 35 доцент (анын ичинде 24 илимдин кандидаттары). ТРАНСЭКОИНде төмөнкү профильдер боюнча 400дөн ашык студент билим алууда:

Багыт

Профиль / адистик

1

Транспорт-технологиялык машиналарын жана комплекстерин эксплуатациялоо

Автомобилдер жана автомобиль чарбасы

2

Автомобиль сервиси

3

Транспорттук процесстердин технологиясы

Унаада ташууну уюштуруу жана башкаруу:
Эл аралык ташуулар;
Транспорттук комплекстин ишмердүүлүгүн инспектирлөө  жана  лицензиялоо

4

Кыймылдын коопсуздугу жана уюштуруу
ЖТК изилдөө жана серептөө

5

Бажы иши (транспортто)

Транспорттук логистика

6

Жер үстүндөгү транспорттук- технологиялык машиналар жана комплекстер

Көтөрүп-ташуучу, курулуш, жол машиналары жана жабдыктары

7

 

Кафедралар:
«Жүк ташууну уюштуруу жана жол кыймылынын коопсуздугу»
«Бажы иши (транспортто)»
«Транспорттук жана технологиялык унааларды эксплуатациялоо»
«Дене тарбия жана спорт»
«Физика жана колдонмо химия»
«Чет тилдер»
«Кыргыз тили жана адабият»

«Жаштар менен иштөөнү уюштуруу жана орус тилин өнүктүрүү»
Тиешелүү багыттар боюнча магистр жана аспиранттарды даярдоо жүргүзүлөт.
ТРАНСЭКОИН жамааты өзүнүн көп жылдык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы менен  автотранспорт каражаттарынын үнөмдүүлүгүн жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, техникалык тейлөө жана оңдоонун эмгек сыйымдуулугун төмөндөтүү жана ошондой эле жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү ташууда чыгымдарды төмөндөтүүгө демилге берүүдө. Жол курулушун жүргүзүү үчүн машиналардын жана жабдуулардын конструкцияларын өркүндөтүү боюнча сезилээрлик изилдөөлөр жүргүзүлдү, жол-курулуш, транспорт машиналарынын конструкцияларын өркүндөтүү, жол кыймылын уюштуруу жана коопсуздук, автомобиль ташууларын уюштуруу жана башкаруу боюнча иштердин комплекси аткарылууда.
Институттун кызматкерлери кесиптик квалификациясын жогорулатуу боюнча стажировкалардан өтүп турушат (Россия Федерациясы, Германия, Индия Республикасы, Казахстан Республикасы, Грузия ж.б.).
Студенттердин сапаттуу жана көрсөтмөлүү билим алуусу үчүн электрондук окуу-усулдук комплекстер иштелип чыккан. Анда анимациялык презентациялар, тесттик тапшырмалар, лекциялык курстар жана усулдук көрсөтмөлөр камтылган.
Институт КР транспорт жана коммуникациялар министрлиги, КР Инженердик академиясы, КР УИА Машина таануу институту, МАДИ, ТАДИ, Казак транспорт жана коммуникациялар академиясы, Казак улуттук агрардык университети, МИСИ, ДИСИ, Кыргыз улуттук техникалык университети, Кыргыз агрардык университети, «Строймеханизация» АК, «Акжолтой» АК, Бишкек ш. ЖККББ, №1 ПЛУАД, Бишкек троллейбус башкармалыгы, Бишкек ш. №7 МГАТП, КР мамлекеттик бажы комитети, Бишкек мэриясынын алдындагы шаар жолдору башкармалыгы, «Бишкек-Ош» автожол башкармалыгы менен окуу-усулдук жана илимий багытта тыгыз байланышта иш алып барат. Көптөгөн мекемелерде студенттердин окуу жана өндүрүштүк практикаларын өтүү үчүн келишимдик негизде атайылаштырылган жайлар, окуу-өндүрүштүк филиалдар ачылган.
Азыркы учурда башка өлкөлөргө транспорт коридорун ачуу боюнча Эл аралык TRACECA долбоору ишке ашууда.
ТРАНСЭКОИНде заманбап аудио-видео каражаттары жана жаңы компьютердик технологиялар менен жабдылган окуу-лабораториялык базалар, лекциялык жана лаборатория-практикалык аудиториялар бар.
Студенттер өзүлөрүнүн негизги кесибинен тышкары ширеткич, автоэлектрик, авто оңдогуч, бургулагыч, жаңы үлгүдөгү «В», «В1» и «С», «С1» категорияларындагы айдоочулук күбөлүктөрдү алуу боюнча кошумча билимдерди өздөштүрүшөт.

 

Кыргызстандагы аба ырайы

  Валюталардын курстары

 

 

 

Биз менен байланышуу:

 

720020, Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш.,
Малдыбаев коч., 34-б

Н.Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектур университети

Транспорт жана коммуникациялар институту

 

+996 312 542873

+996 312 545719

 

intranscom@gmail.com

 

К началу этой страницы На главную страницу Напишите через e-mail

Последнее обновление сайта